Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

ЖК комитети Байкоочу кеңештин курамын өзгөртпөөнү сунуштайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты боюнча комитети “Коомдук телерадио корпорация тууралуу” мыйзам долбоорду талкуулады. КТРКнын башкы деректири Кубат Оторбаев анда комитет коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин азыркы курамын өзгөртпөөнү парламентке сунуштоо тууралуу чечим кабыл алганын “Азаттыкка” билдирди. Бирок бул жаатта соңку чечимди парламент жалпы отурумунда кабыл алаарын белгиледи.

22-апрелде парламент бул мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырган болчу. Мыйзам долбоор коомдук каналдын иштөө жана байкоочулар кеңешин шайлоо тартибин аныктайт. Ага ылайык, кеңештин беш мүчөсүн парламент көрсөтүшү керек. Калган он мүчөсүн президент жана жарандык коом сунуштайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG