Линктер

шейшемби, 17-январь, 2017 Бишкек убактысы 09:27

Аялдардын экономикалык эл аралык симпозиуму өтөт


Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Памела Спратлендин жолугушуусунда талкууланды. Ага ылайык, АКШнын колдоосу менен бул иш-чара Бишкекте 18-20-июль күндөрү өтмөкчү. Бүгүн жаңы кызматка кирип жаткан элчи айым президент Отунбаевага ишеним грамотасын тапшырды. Тараптар жолугушууда эки өлкө ортосундагы алака-катышка байланышкан жагдайларды талкуулашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG