Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Жылына 800 миңдей паспорт берилет


Бул тууралуу “Паспорт тууралуу” мыйзам долбоорду иштеп жаткан жумушчу топтун жетекчиси, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Равшан Жээнбеков бүгүн топтун жыйынында билдирди. Анын айтымында, паспорт алуунун жол-жоболору мүмкүн болушунча оңойлоштурулушу керек. Жээнбековдун айтымында, азыркы паспортто керекесиз жерлери көп, ошондуктан жашаган дареги, үй-бүлөлүк абалы өгөргөн учурда кайта-кайта алмаштырууга туура келет. Четте жүргөн кыргызстандык жарандарга Интернет аркылуу паспорт алууга, же алмаштырууга шарт түзүлүшү зарыл.

Ушул айдын башында паспортторду даярдап басып чыгаруу менен алектенген “Интел Линкс” ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов өкмөт чукул чара көрбөсө күзгө карай Кыргызстанда паспорт тартыштыгы күчөшү ыктымал экенин эскерткен. Анын айтымында ID карта үчүн керектүү материалдар сентябрь айынын башында, ал эми паспорт алуу үчүн толтуруучу кагаздар сентбрь айынын этегинде түгөнөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG