Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

АКШнын жаңы элчиси аймактагы коопсуздукка көңүл бурарын айтты


АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Памела Спратлен бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы алака-катышка байланышкан суроолорго жооп берди. Элчи айым Кыргызстандагы саясий реформа, аймактык коопсуздук, экономикалык өнүгүү, маңзатка байланыштуу проблемалардын, жаштар жана аялдар маселелеринин чечилишине кызыкдар экенин айтты. “Азаттыктын” кабарчысынын июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусуна байланыштуу суроосуна жооп берген элчи айым бул олуттуу докуменет экенин, кыргыз бийлиги комиссия берген сунуштарды аткарса деген ниетин билдирди.

АКШ президенти Барак Обама Спратлендин талапкерлигин ушул жылдын 5-январында сунуштаган, 3-мартта Сенат аны элчи кылып бекиткен. Спратлен тышкы иштер боюнча адис катары 20 жылдан ашуун убактан бери иштеп жатат. Ал буга чейин АКШнын Казакстандагы элчисинин орун басары болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG