Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Тбилисиде Саакашвилиге каршы акция токтоду


Грузиянын оппозициялык партиялары президент Михаил Саакашвилини бийликтен кетирүү боюнча акциясын токтотту. Оппозиция Саакашвили барган сайын авторитаризмге ооп барат деп, төрт күндөн бери Тбилисиде нааразылык акциясын өткөрүп жаткан. 21-майда демонстрацияга бир нече миң адам катышса, оппозиция катарындагы ажырымдан улам бүгүн борбордук аянтка бир нече жүз гана адам чыккан эле.

Оппозиция ошондой эле Грузиянын мурдагы коргоо министри, азыр Францияда жашап жаткан Ираклий Окруашвили Тбилисиге келип, нааразылык акциясына катышуу планынан баш тартканын кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG