Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Элчи Спратлен: АКШ Транзиттик борбор үчүн ыраазы


Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы жаңы элчиси 24-майда президент Роза Отунбаевага ишеним грамотасын тапшырды. Элчи Памела Спратлен Кыргызстан менен АКШнын достук мамилесин бекемдөө, регионалдык коопсуздук, баңги заттарын ташуу, коррупцияга каршы күрөшүүгө салым кошуу негизги милдеттеринен экенин белгиледи.

Памела Спратлен айым АКШнын Кыргызстандагы сегизинчи элчиси. Ал жакында элчилик миссиясы аяктаган Татьяна Гфеллер айымдын ордуна келди.

Кошмо Штаттар жана Батыш өлкөлөрү эгемендүүлүк алган биринчи жылдары Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүгө олуттуу көңүл буруп келген болсо, "Манас" аба майданында Транзиттик борбордун жайгашуусу менен тараптар коопсуздук багытында маанилүү өнөктөш болуп калды.

Памела Спратлен айым 24-майда президент Роза Отунбаева менен
жолугушууда Транзиттик борборго орун берген Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле жолугушууда демократиялык реформалар, экономикалык абал жана июнь коогалаңына байланыштуу маселелер талкууланган.

Элчи айымдын айтымында, ал өз кызматын аткарууда эки өлкөнүн достук мамилесин бекемдөө, экономиканы өнүктүрүү, коопсуздук, баңги заттарын ташууга, коррупцияга каршы күрөшкө салымын кошууга аракеттенет.

Кошмо Штаттар июнь каргашасын иликтеген Киммо Килюнен башында турган комиссиянын корутунду документин жогору бааларын жана анын сунуштарын кыргыз өкмөтү аткарса дурус болот деген пикирде экенин элчи айым маалымат жыйынында билдирди.

Кыргызстан президенти Роза Отунбаева Кошмо Штаттарга жасаган сапары учурунда Баткенге машыгуу борборун куруу маселесин көтөргөн. Бул долбоор маанилүү экенин айткан элчи буларга токтолду:

- Бул регионалдык коопсуздукка байланыштуу маселе жана ал биз үчүн өтө маанилүү. Президент Роза Отунбаева АКШда президент Барак Обама менен жолугушуп, бул маселени талкуулашкан. Бирок ал учурда машыгуу борбору кандай статуста, кандай түрдө, кандай ролду ойнору белгисиз болчу. Азыркы кезде да биз өкмөт тараптан эч кандай сунуштарды ала элекпиз. Ошондуктан бул суроого жооп берүүгө даяр эмесмин.

Кыргызстандын лидери Роза Отунбаева жана АКШнын президенти Барак Обама, 7-март, 2011-жыл
Элчи айым Киммо Кюлюнендин комиссиясынын кыргыз өкмөтүнө берген сунуштарына карата Кошмо Штаттардын турумун мындайча билдирди:

- Киллюнендин корутундусу менен тааныштыгым бар. Июнь окуясын көз карандысыз иликтөөгө жол бергени үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазыбыз.

Кошмо Штаттар Эл аралык комиссиянын корутундусун жогору баалайт. Корутундуда бир катар сунуштар берилген. Алардын ичинде каргашалуу окуяларга катышкандарды улутуна карабастан адилет соттоо негизги сунуштардан. Корутундуну өкмөт көңүл буруу менен иликтеп жатат. Өкмөт бул корутундуну алдыга жылууда жана улут аралык тынчтыкты камсыздоодо пайдаланса жакшы болот.


2010-жылдын 7-апрелине чейин Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчиси болуп келген Замира Сыдыкова АКШ Кыргызстан менен кызматташууда чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө жана билим берүүгө өзгөчө көңүл бурса деген пикирин билдирди:

Киммо Килюнен
- Бизде билим берүү программаларынын деңгээли аябай төмөндөп калыптыр. Ошондуктан жаштарга көбүрөөк көңүл буруп, аларга стипендияларды бөлүүнү көбөйтүү зарыл. Менин билишимче, мурда 200 балага стипендия бөлүшчү. Ошонун санын көбөйтүп, жок дегенде бир миң, бир жарым миң стипендия бөлүп берип, биздин балдарыбызды окутса жакшы болот эле.

Замира Сыдыкова элчи болуп турган учурда Кыргызстан менен АКШнын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кеңеш түзүлүп, ал жерде эки тараптуу маселелер талкууланып, пикир алмашууга жол ачылганын кошумчалады.

Кошмо Штаттар Кыргызстанга эл аралык финансылык уюмдар аркылуу насыяларды бөлүүдө жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө өз салымын кошуп келатат. Транзиттик борбор үчүн да жылына 60 млн. доллар төлөйт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG