Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Мубарак жана эки уулу жоопко тартылат


Египеттин бийликтен айдалган президенти Хосни Мубарак жана анын эки уулу 25-январда болгон өкмөткө каршы нааразылык акциянын катышуучуларынын өлүмүнө байланыштуу жоопко тартылат.

Башкы прокурордун сөзүнчө, Мубарак жана уулдары ошондой эле "кызмат ордун мыйзамсыз пайда табуу үчүн пайдаланышкан" жана "коомдук каражатты бейсарамжал сарпташкан" деп да айыпталууда.

11-февралда бийликтен оодарылган Мубарак азыр Шарм ал-Шейх курортунда ооруканада жатат. Уулдары Ала менен Гамал Каирдин Тора түрмөсүндө кармалууда.

XS
SM
MD
LG