Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Нетаняху: "Оор мунасаларга барууга даярмын"


Израилдин премьер-министри Конгрессте Палестина менен тынчтыкка жетүү маселесине токтолду. АКШда иш сапары менен жүргөн Бинямин Нетаняху Конгресстин кош палатасында сүйлөгөн учурунда Палестина менен тынчтыкка жетүү үчүн “оор мунасаларга” баарууга даярдыгын белгиледи:

- Мен тарыхый тынчтыкка жетүү үчүн оор мунасаларга барууга даярмын. Израилдин лидери катары элимди тынчтыкка алып баруу менен милдетим. Анткен менен бул мага жеңил эмес. Себеби нукура тынчтык ата-бабадан калган жөөт жеринин бир бөлүгүнөн баш тартууну талап кылат.

Нетаняху бирок Израил 1967-жылга чейин өкүм сүргөн чек араларга кайта албасын эскертти. АКШ президенти Барак Обама өткөн аптада ошол 1967-жылга чейинки чек ара палестиндер менен сүйлөшүүдө негиз катары алыныш керектигин, эгер тараптар жер алмашууну макулдашса, чек ара сызыгы өзгөрүүсү мүмкүндүгүн айткан эле.

Нетаняху Конгресстеги сөзүндө өлкөсүнүн миллиондогон палестин качкындары жана алардын үй-бүлөлөрүнүн Израилдин аймагына кайтуусуна каршылыгын дагы бир жолу белгилеп, эки тарап өз борбору катары эсептеп жүргөн Иерусалим Израилдин “бириккен борбору” бойдон калуусу зарылдыгын кошумчалады.

Палестин президенти Махмуд Аббастын басма сөз катчысы Набил Абу Рудейна Израилдин өкмөт башчысынын АКШ Конгрессиндеги сөзүн "чыныгы, олуттуу, узак тынчтыкты көздөй жолго кошумча тоскоолдуктарды жаратуу" катары баалады.

XS
SM
MD
LG