Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

АКШ Иран менен соода кылган фирмаларга санкция киргизди


Мамлекеттик департамент жарыялагандай, Иранды өзөктүк программасынан баш тартыруу боюнча жаңы аракеттердин алкагында киргизилген санкциялар чет өлкөлөрдүн жети компаниясын, анын ичинде Венесуэланын мамлекеттик мунай ишканасын да камтыйт. АКШ мамлекеттик катчынын орун басары Жеймс Стейнберг санкцияларга байланыштуу буларды айтты:

- Иран энергия секторунан түшкөн кирешени өзөктүк программасын каржылоо жана кош максатта сатып алып алынган товарларды жашыруу үчүн пайдаланат. Бүгүнкү чаралар Иранга өзүнүн эл аралык милдеттемелерин аткаруусу үчүн кошумча кысым көрсөтөт.

АКШ мындан сырткары Кытай, Сирия, Иран, Беларустун Иран менен Түндүк Кореяда өзөктүк куралды жайылтуу ишине аралашкан 16 компаниясы менен жеке адамдарына да санкция киргизүүдө.

Венесуэла АКШ анын мамлекеттик мунай компанясына каршы киргизген санкцияны “империялык” деп атап, айыптады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Николас Мадуронун айтканына караганда, Каракас азыр жооп иретинде кандай чара көрүүгө болорун караштырууда.

АКШга чейин ушул дүйшөмбү күнү Евробиримдик Иран боюнча өз санкцияларын күчөтүп, активдери тоңдурулуучу компаниялардын тизмесине 100дөн ашуун фирманы кошкон.

Израилдин премьер-министри Конгрессте Палестина менен тынчтыкка жетүү маселесине токтолду.

XS
SM
MD
LG