Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Ошто күч түзүмдөрү машыгууда


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, Ош коогалаңынын жылдыгына карата жетиштүү чаралар көрүлүүдө. 25-майдан тарта Ош шаарында күч түзүмдөрүнүн атайын машыгуулары башталды. Ал ушул жылдын 1-июнуна чейин жүргүзүлмөкчү.

Министрликтин басма сөз кызматынан өкүлү Жеңиш Ашырбаев мындай иш-чаралар массалык башаламандыктарга жол бербөө максатында өткөрүлүп жатканын ырастады. Ашырбаевдин айтымында, жарандардын коопсуздугун толук камсыз кылууга кудурет да, күч да жетиштүү.

Өткөн жылы 10-июнда Ошто улуттар аралык жаңжал орун алып, 400дөн ашуун адам набыт болуп, жүздөгөн киши жараат алган. Коогалаңды иликтеген эл аралык комиссия жакында эле жарыялаган өз корутундусунда "күч түзүмдөрү оор кырдаалды алдын алууга жана жөнгөрүүгө жетишерлик аракет жумшаган эмес" деп сындаган. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG