Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Грузияда митингчилер аянтта түнөшөт


Тбилисиде оппозициялык «Элдик жыйындын» жактоочулары Руставели аянтында парламент имаратынын алдында таң атыра тургандыгын билдиришти. Бул тууралуу «Элдик жыйындын» лидерлеринин бири, парламенттин мурдагы спикери Нино Буржанадзе айтты.

26-майда бул аянтта эгемендик күнүнө карата аскердик парад өткөрүү пландалган.

Шаршембиде парламент алдында 3 миңден ашуун киши катышкан митинг өтүп, алар президент Михаил Саакашвилинин кызматтан чегинүүсүн талап кылды. «Интерфакс» агенттиги «Элдик фронттун» лидерлери парад үчүн даярдалган секини ээлеп алышканын жазды.

Грузияда Михаил Саакашвилинин бийликтен кетүүсүн талап кылган каршылык митингдери 21-майдан бери уланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG