Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

“Китепкана – тынчтык аймагы” аттуу форум өтөт


Бүгүн Бишкектеги Улуттук китепканада президент Роза Отунбаеванын катышуусунда “Китепкана – тынчтык жана улут аралык ынтымак аймагы” деп аталган III республикалык форум өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чара 2010-жылдагы июнь коогасынын бир жылдыгына байланыштуу уюштурулууда. Анын максаты - билим берүү аркылуу өлкөдө толеранттуулук, туруктуулук жана коопсуздукту камсыз кылууга, ал эми маданият, укукту үйрөтүү менен улут аралык маселелерди чечүүгө көмөктөшүү болуп эсептелет. Форумдун алкагында “Өзгөрүлгөн дүйнөдө Кыргызстан китепканалары” деген аталышта көргөзмө өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG