Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Абакта эки соттолуучу ачкачылыкты улантууда


Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайында өмүр бою эркинен ажыратылган эки соттолуучу эки аптадан бери ачкачылыкты улантууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун түрмөлөрдөгү жарандардын укугун кароо долбоорунун координатору Евгения Крапивина билдирди. Соттолуучулар Рахматулла Туранов жана Отабек Ахадов өздөрүнө карата чыккан өкүмдүн негизсиз экендигин, кылмыш иштеринин кайрадан иликтенишин талап кылууда. “Биз кечээ эле сүйлөштүк. Аларга көп адамдарды, прессаны жолуктурбай жатат”, - дейт Крапивина.

Рахматулла Туранов бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылганын, бирок ал ишти кайра кароодон баш тартканын билдирген. Башкы прокуратура андан кайрылуу арызы келгендигин, бир айдын ичинде тиешелүү чечим чыгарын “Азаттыкка” кабарлаган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков оор кылмыш менен кесилген бул эки жаран тамак жеп эле жатканын билдирген болчу.

11 жылдан бери абакта жаткан Өзбекстандын жараны Отабек Ахадов 2001-жылы "террорчулук кылган", "“Иттипак” уйгур диаспорасынын лидери Нигмат Баззаковду жана “Достук” мейманканасынын жанында кытай жаранын өлтүргөн" деген айыптар менен өлүм жазасына кесилиптир. Ал эми Кыргызстан жараны Рахматулла Туранов 2003-жылы Бишкекте "үч аялды өлтүрүүгө буйрутма берген" деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал сегиз жылдан бери абакта жатат.

Буга чейин эки соттолуучу менен депутат Турсунбай Бакир уулу, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова жолугуп келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG