Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:34

Францияда Чоң Сегиздин саммити башталууда


Саммит Франциянын деңиз жээгиндеги Довиль курортунда өтөт. Анда Чоң Сегизге кирген өлкөлөр “Араб жазы” деп аталган толкундоолор автократ президенттерин бийликтен кулаткан Египет менен Туниске бир нече миллиард доллар жардам бөлүнүшүн колдоору күтүлүүдө. Негизги көңүл ошондой эле Эл аралык валюта корун ким башкарат деген маселеге да бурулмакчы.

Кордун кызматтан чегинүүгө аргасыз болгон мурдагы аткаруучу директору, француз Доминик Стросс-Кан Нью-Йоркто мейманкана кызматкерин зордуктоого аракеттенген деп айыпталууда.

Евробиримдик аткаруучу директорлукка Франциянын каржы министри Кристин Лагардды көргөздү. Салтка айлангандай, Эл аралык валюта кору европалыктар тарабынан башкарылып келген, бирок бул ирет өнүгүп келе жаткан өлкөлөр атаандаш талапкерди сунуш кылууну көздөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG