Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

Европа Улуттар уюму Сирияны айыпташын көздөөдө


Батыш маалымат агенттиктери дипломаттарга шилтеме жасап кабарлашкандай, Британия, Франция, Германия, Португалия Сирия бийлигинин тынч демонстранттарга күч колдонушун айыптаган резолюция долбоорун БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө таратышты.

Европа өлкөлөрү БУУнун Коопсуздук кеңеши ушундай билдирүү кабыл алуусуна өткөн аптада эле аракеттенген. Демилгени АКШ колдогон болчу. Бирок Орусия каршы чыккан. Кытай менен Индия кризисти тынчтык жол менен жөндөөгө чакырып, бирок Сириянын президенти Башар Ассаддын режиминин репрессиялык чараларын айыптаган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG