Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Обама Европа менен АКШнын дүйнөдөгү таасири төмөндөйт деген идеяны четке какты


АКШ президенти Барак Обама Британиядагы мамлекеттик сапарынын экинчи күнүндө, британ парламентинде сүйлөгөн учурунда белгилегендей, Кытай, Индия, Бразилия сыяктуу өлкөлөрдүн экономикасынын ыкчам өсүшү АКШ жана Европа артка кетет дегенди туюндурбайт:

- Бул өлкөлөрдөгү ургалдуу өзгөрүүлөрдөн улам кээ бир чөйрөлөрдө алардын өнүгүүсү АКШ менен Европа мамлекеттеринин дүйнөдөгү таасиринин төмөндөшү менен коштолобу деген маселе утур-утур көтөрүлүүдө. Алардын аргументине караганда, келечек ушул мамлекеттердики, ал эми биздин лидерлигибиздин доору өтүп кетти. Бирок бул - жаңылыш пикир. Азыр биздин лидерлигибиздин мезгили.

Обама кечээ Лондондо британ премьери Дэвид Камерон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алар биргелешкен маалымат жыйыны учурунда Ливия лидери Муаммар Каддафини бийликтен кетүүгө кайрадан чакырышып, болбосо кысым күчөтүлөрүн эскертишти.

Барак Обаманын айтымында, ал бүгүн Францияда башталуучу саммитте Чоң сегиздин лидерлери менен Жакынкы Чыгыштагы демократияны колдоо маселесин талкуулайт.

XS
SM
MD
LG