Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Атамбаев: Кыргызстан үчүн Бажы союзуна кирүү стратегиялык максат


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бул тууралуу Орусиянын Новосибирск облусунун губернатору Василий Юрченко менен жолугушуу учурунда айтты. Премьер-министр Кыргызстан алдына стратегиялык маанидеги - Бажы союзуна кирүү максатын койгонун билдирди. Атамбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу сөздөр кургак эмес, мамлекеттик программага бекиген маселе экендигин баса белгиледи. Өкмөт башчы эгер Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, Орусия аймагында иштеп жүргөн жарым миллион кыргызстандыктын жашоосу жакшырып кетээрине ишеничин билдирди. Жолугушуу бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. (EK)

XS
SM
MD
LG