Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Килюнен кыргыз парламентинин чечимине өкүнүүдө


Бул тууралуу июнь коогасынын иликтөөгө алган эл аралык комиссия жетекчиси Киммо Килюнен өзү “Азаттыкка” билдирди. Килюнен анын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салган Жогорку Кеңеш токтому боюнча өкүнүчүн билдирип, өлкө үчүн жардам гана бергиси келгенин айтты. “Эл аралык коомчулук, анын ичинде БУУ жана Евробиримдик, Орусия, АКШ биздин корутундуну колдоп, объективдүү болгонун айткан” – деди ал. Килюнен Кыргызстан тарап менен диалогго ачык экенин айтып, бул боюнча алдыңкы күндөрү атайын кайрылуу менен чыгаарын ачыктады.

Бүгүн Жогорку Кеңеш июнь коогасын иликтөөгө алган эл аралык комиссия корутундусун юридикалык күчү жок документ катары таануу чечимин кабыл алып, отчетту Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна шек келтире турган, тараптарды элдештирбестен кайра козута турган бир тараптуу, дыкат иликтөөгө алынбаган деп баалаган. Парламент Килюнендин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салган токтом кабыл алды.
(EK)

XS
SM
MD
LG