Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:11

Аскерде токмоктолгон жоокер ооруканага жаткырылды


Бишкекте аскер өтөп жаткан Чубак Бакыт уулу аскерге барган сегизинчи күнү токмоктолуп, Бишкектеги №1-клиникалык ооруканага жаткырылды.

Чубак Бакыт уулунун “Азаттыкка” айтымында, аны аскер бөлүгүндөгү сержант машыгуу учурунда ичине тепкен. Жоокердин айтымында, аны сокур ичеги болуп калганына карабай, токмоктошкон. Алгач ал аталган бөлүктүн санитардык бөлүмүнө жеткирилип, ошол жерден дааратканаларды жуудурушкан. Чубак Бакыт уулу эсин жоготуп койгон соң ооруканага жеткирилген.

Коргоо министрлигинен бул боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG