Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

АКШ мамлекеттик катчысы Пакистанга келди


Хиллари Клинтондун Пакистандагы бул жолку сапары күн мурунтадан жарыяланган эмес. Иш сапар “ал-Кайиданын” лидери Усама бин Ладен ушул айдын башында Пакистанда АКШнын атайын күчтөрүнүн операциясы учурунда жок кылынгандан бери эки өлкөнүн алакасы бузула түшкөн учурга туш келди.

Расмий Исламабад бин Ладендин өлтүрүлүшүн кубаттаган, бирок АКШны операцияны жашыруун өткөргөнү үчүн сынга алган.

Бүгүн Клинтон жана АКШ армиясындагы штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы Майк Маллен Пакистан бийликтерин терроризмге каршы күрөштү күчөтүүгө чакырары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG