Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Ажылыктагы коррупция боюнча айыпталган Мурзахалиловдун соту 2-июнга жылды


2010-жылдагы ажылык сапарды уюштуруу иштериндеги мүчүлүштүктөр боюнча айыпталып жаткан Дин иштери кызматынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Канат Мурзахалиловдун соту 2-июнда улана турган болду. Буга соттук жараянга мамлекеттик айыптоочу тараптын келбей калганы себеп болду.

Былтыркы ажылык сапарды уюштурууда кеминде төрт миллион доллардан ашык каражаттын дайынсыз жоголушуна байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тергөө жүргүзүп, Дин иштери кызматынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Канатбек Мурзахалиловго кылмыш иши козголгон. Ага каршы "кызмат абалынан пайдаланып ажылык визаларды каалагандай бөлгөн", "лицензиясы жок жарандардан виза үчүн паспортторду кабыл алган" деген сыяктуу беш пункттан турган айып коюлууда. Мурзахалилов өзүнө коюлган айыптоолорду четке кагып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG