Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Ош шаарында паспортук тартип киргизилди


Бул тууралуу ички иштер министринин түштүк аймактары боюнча орун басары Курсан Асанов “Азаттыкка” билдирди. Ага ылайык бүгүнкү күндөн баштап тартип коргоо органдары жарандардын паспортторун текшерүүгө алышат. Бул аракет шаар ичинде коопсуздукту камсыз кылып, шектүү адамдарды аныктоо максатында жасалууда. Асановдун маалыматына ылайык, паспорттук тартип июнь коогасынын жылдыгы өткөнгө чейин уланат.

Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан июнь коогасынын бир жылдыгына карата шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн “Азаттыкка” билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG