Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:16

Кочкор-Атада “Кыргызнефтегаз” кызматкерлери кайрадан митингге чыкты


Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ишканасынын кызматкери жана жергиликтүү тургундар митингге чыкканын “Азаттыкка” элдик комитеттин төрагасы Муктар Артыкбаев билдирди. Алар Мамлекеттик мүлк министрлигинин чечимдерин жокко чыгарып, “Кыргызнефтегаз” башкармалыгын төрагалыгына Каныбек Масировду калтыруу талабын коюп жатышат. Муктар Артыкбаевдин билдиришинче, бүгүнкү митингге үч миңге жакын киши чогулган. Ал эми Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнөн "Азаттыкка" билдиришкендей, митингге 300гө жакын гана адам келген.

Мамлекеттик мүлк министрлигин басма сөз кызматы “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы жаңы дайындоолор болгонун тастыктап, алардын бардыгы мыйзамдын чегинде жасалып жатканын “Азаттыкка” кабарлады.

Жетекчилердин алмашуусуна байланыштуу “Кыргызнефтегаз” ишканасынын кызматкерлери буга чейин бир нече ирээт митингге чыгышкан болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG