Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Жоокердин токмоктолушун Аскер прокуратурасы териштире баштады


Бишкектеги № 74-12 Аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Чубак Бакыт уулунун токмоктолушу боюнча Аскер прокуратурасы териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза өтөө кызматынын алдындагы Кайтаруу жана күзөт департаменттин жетекчисинин орун басары Муратбек Кожобеков билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-майда катардагы жоокерди аскер бөлүктөгү Кубан Сүйүнбек уулу деген сержант ур-токмокко алган. Чубак Бакыт уулу 23-майда ооруканага жеткирилип, курч мүнөздөгү сокур ичеги деген диагноз менен операция болгон. Бул жоокер өзүнүн ур-токмокко кабылганын билдиргени менен аскер бөлүктүн жетекчилиги жоокердин сабалып сабалбаганын тастыктай элек.

Буга чейин Коргоо министрлигинин Коомдук көзөмөл кеңеши бул окуяны териштире тургандыгын “Азаттыкка” маалымдаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG