Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Ошто жаңылык таркатуучу СМС-кызмат ачылат


Ош шаарында уюлдук телефондорго СМС аркылуу акысыз жаңылык таркатуучу кызмат ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” долбоордун демилгечиси “ММКлардын Оштогу ресурстук борборунун” жетекчиси Максуда Айтиева кабарлап, учурда техникалык маселелер чечилип жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул демилге жарандарга такталган маалымат берүү жана ар кыл ушак-айыңдарды алдын алуу үчүн көтөрүлүүдө. Натыйжада күн сайын бешке чейинки кабар Ош тургундарынын уюлдук телефондоруна СМС аркылуу жөнөтүлүп турат. Жаңылыктар тизмеги жергиликтүү журналисттер тарабынан даярдалат. Бул кызматтан пайдалануу үчүн тургундар атайын каттоодон өтүшү керек. СМСтер жаңылык алууну каалаган адамдын каалоосуна жараша кыргыз, орус жана өзбек тилинде таркатылып турмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG