Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Франция жана АКШ Ливиядагы операциядан четтешпейт


Кошмо Штаттар жана Франция Ливиядагы кризис жөндөлгөнчө НАТО жетектеген аскерий операцияга катыша берет. Бул тууралуу президент Барак Обама 27-майда Довилдеги маалымат жыйынында билдирди:

- Биз Ливиядагы өнөктүктө оң жылыш бар деген тыянакка келдик. Каддафи Ливияда калып, аскерлерди Ливия элине каршы агрессияга тукуруп турганда, БУУнун карапайым элди коргоо боюнча мандаты аягына чыкпайт. Биз бул ишти бүткөрүүгө кошулдук.

Барак Обама жана француз президенти Николя Саркози Ливия лидери Муаммар Каддафини бийликтен кетүүсүн да талап кылышты.

Франциянын Довил курортунда Чоң сегиздин лидерлеринин саммити өтүүдө. Лидерлер Египет жана Тунисте демократияга өтүүсүн колдоо үчүн 20 миллиард доллар жардам бергени жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG