Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Клинтон айым АКШ-Пакистан алакасын оңдоп жүрөт


Исламабадда күтүүсүз сапарда жүргөн АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон эки өлкө арасындагы мамиле “бурулуш учурга” жеткенин билдирди.

Кошмо Штаттар менен Пакистандын алакасы “ал-Кайиданын” башчысы Усама бин Ладенди 2-майда америкалык аскерлер Пакистанда тындым кылгандан кийин осолдоп кеткен.

Клинтон айым Пакистан жетекчилиги менен кездешкен соң Исламабадда өткөргөн маалымат жыйынында АКШ жана Пакистан терроризмге каршы согушта колмо-кол иштешүүнү улантышы зарыл экенин да айтты. Ал Пакистан өкмөтүндөгү даражалуу чиновниктер бин Ладендин кайда жашырынып жүргөнүн билгенин ырастаган далилдер жок экенин кайталай кетти.

Исламабадда Клинтон менен кошо АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, адмирал Майк Мюллен да жүрөт.

XS
SM
MD
LG