Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

“Ата Мекен” парламентте зордук-зомбулук күч алганын билдирүүдө


Оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү акыркы мезгилде Жогорку Кеңеште бийлик органдарына карата криминалдык ыкмалар колдонулуп, зордук-зомбулукка алуу аракеттери күч алганын бүгүн билдирип чыгышты. Алар парламент имаратында ур-токмокко алуу менен маселени чечүү аракеттери болуп жатканын, буга жакында Жогорку Кеңеште ишкер Валерий Хондун ур-токмокко кабылышы, Камчы Ташиев, Садыр жана Акылбек Жапаровдорго буга чейин күч колдонулушу мисалы болоорун белгилешүүдө.

Аталган фракциянын басма сөз кызматы билдиргендей, фракция мүчөлөрү криминалдык ыкмаларга каршы чара көрүү үчүн президентке жана премьер-министрге кайрылуу жөнөтүшүп, соңку күч колдонуулар боюнча боюнча иликтөө жүргүзүлүшүн, күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG