Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Өзбек чек арачылары аткан октон кыргыз жараны өлгөнү ырасталды


Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпон Турусбеков кыргыз-өзбек чек арасында кыргыз жараны мерт болгон фактыны ырастады. Анын версиясы боюнча 27-майда Ноокен районунда Чоң-Багыш айылынын тургуну Жалалов Пазылжан Кыргызбаевичти өзбек чек арачылары атып, кармап кетишкен. Чек арачылар аткан ок анын далысына тийген. Кыргыз жараны Өзбекстандын Пахта-Абад райондук ооруканасына жеткирилип, операция жасалып, өзүнө келбей ошол жерден көз жумган. Жалалов Пазыл 1972-жылы туулган, улуту өзбек.

“Биздин жаран Жалалов мас абалында болгон экен. Ошол бир атты уурдайм деген аракет себеп болуп жатат. Биз изилдөө-тастыктоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Өзбекстан тарап өзүнчө тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бүтөрү менен эки тарап биргелешип кайсыл жерден мыйзам бузулганын, кайсыл жерден чек ара бузулганын тактап чыгабыз”,-деди Чолпон Турусбеков. (КС)

XS
SM
MD
LG