Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Казыбеков: Миграциялык агым күчүндө


Кыргызстандык мигранттардын кесиптик даярдыгынын төмөндүгү жана жумушчу күчүн мыйзамдуу шартта сыртка жөнөтүүнү уюштуруунун жоктугу орчундуу көйгөйлөрдү жаратууда.

Астанадагы элчиликтин консулдук бөлүмүнүн башчысы Замирбек Казыбеков "Азаттыкка" маек курду.

- Казакстандагы Кыргызстандык эмгек мигранттары тушугуп жаткан негизги көйгөйлөр кайсылар?


- Биздин бул жактагы көпчүлүк мекендештерибиз эң жөнөкөй чет мамлекеттерде болуунун негизги эрежелерин бузушууда.

Казакстандын миграция комитети тарабынан талап кылынган документтеринде убактылуу каттоо белгисинин жоктугу же ошол эле миграциялык баракчаларды каттоо мөөнөтүнүн өтүп кеткен учурлар көп кездешет. Мына ошону биздин жарандар убагында кантип каттоого туруу зарыл экендигин билсе да ал эрежелерди бузуп коюшат. Анан текшерүүнүн жыйынтыгында башка өлкөнүн аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн аз дегенде жазана тартып же болбосо убактылуу кармоо жайларына түшүп калып жатышат.

Көпчүлүк соодада иштеген жарандарыбыз өздөрүнүн туугандарынын 17-18деги кыздарын балдарын каратыш үчүн күбөлүктөрү менен же 13-14 жаштагы башка бирөөлөрдүн күбөлүктөрү менен алып келишет. Анан текшере келгенде колго түшүп калып, кыйналып жатышпайбы.

- Бул эми алардын укуктук сабатсыздыгыбы же аргасыз чарасыбы?

- Базарларда же курулушта иштеп жаткан балдар менен сүйлөшкөндө алардын көпчүлүгү негизинен чет элде жүрүүнүн эрежелери менен тааныш экендиктерин байкадым.

Бирок Кыргызстандагы жумушсуздуктун айынан эптеп эле чет жерге барып, турмуш-тиричиликти оңдоп иштеп келсек деген үмүт менен айрымдары документтерин тууралабай эле жолго чыгып алышат экен. Анан бул жакка келип алып, же иштен жок, же кайра кайтып кете албай жүрө беришет.

- Негизинен бул жактагы эмгек мигранттарынын көпчүлүгүн 17-18 жаштагы өспүрүм курактан эми гана өткөн жаштар түзөт экен. Алар бул жакка кандай кесиптик даярдык менен келип жатышат?

- Бул өтө терең маселе. Акыркы мезгилде Астанада араба түртүп жүргөн же чай, суусундук сатып жүргөн көпчүлүк жаш мигранттарды сураштыра келсең көпчүлүгү атайын орто билим тургай мектепти толук бүтүрбөй келгендер болуп чыгат.

Эми бул жакка паспорту жок келип алышкандан кийин алардан атайын техникалык орто билимди алып келдиңби деп сураштын өзү да оңтойсуз.

Биздин мамлекет стихиялуу миграция күчөп турган маалда аны бир кылка жөнгө салууга аракет кылып, жаш жарандарыбыздын бир өнөр үйрөнүшүнө жана сыртка чыгуунун жол жобосун өздөштүрүп анан жолго чыгышына көбүрөөк көмөк көрсөтсө мүмкүн абал жакшы жагына өзгөрөт беле... Алардын ата-энелери да балдарын сыртка чыгаруудан мурун миграция кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнөн маалымат алып анан жөнөтүшсө жакшы болот эле.

Замирбек Казыбеков
Өкмөт атайын кесиптик даярдыгы бар жарандарды өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизинде гана чет өлкөгө чыгарып, алардын өлкөгө кийин кайтып келишине кепилдик боло тургандай шарттарды киргизсе жакшы болот эле.

- Кыргызстандын жарандары үчүн Орусияда жумушка уруксат берүү жагы мурда эле чечилген. Бирок учурда Казакстан визасыз каттоого алууга уруксат бергени менен жумушка уруксат берүү жагына келгенде кетенчиктеп турат. Мунун чыныгы себептери эмнеде?

- Бул биздин элчиликтин эң негизги маселеси. Мындан мурда Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстандын аймагында жүрүү мөөнөтү токсон күнгө узартылган болчу. Бирок өткөн жылдын 13-апрелинде ал токтомду жокко чыгарган нота келди. Мына ошондон бери кайра беш күндүк мөөнөттө каттоого туруу боюнча шарт мурдагы калыбына түшүп калды.

Ал эми жумушка уруксат берүү жаатында сүйлөшүүлөр Казакстан менен Кыргызстандын миграция кызматтары тарабынан тынымсыз жүрүп келе жатат. Бардык шарт, ыңгайлар боло турган болсо бул маселе жакынкы келечекте мүмкүн чечилип калаар.

- Азыркы учурда Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө карата сын-пикирлер айтылып жатат. Айрыкча кызматкерлердин орой мамилеси, кыргызча сүйлөбөгөндүгү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын жогорулатып алган учурлар боюнча...

- Тышкы иштер министрлигинин чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн ичинен кабарларды жана баяндамаларды мамлекеттик тилде даярдап берген биз эле болсок керек. Бизге келген Кыргызстандын жарандары менен аңгемелешүү да кыргыз тилинде гана жүргүзүлөт.

Башкалардан айырмаланып бизде кызмат көрсөтүүлөрдүн тездетилген тарифи деген жок. Биз документтерди бир күндүн ичинде күттүрбөй эле даярдап бергенге аракет кылабыз. Анан калса бизге документтер боюнча келгендер деле башкаларга салыштырмалуу азыраак.

- Казакстандын бардык облустарына барып, андагы Кыргызстандын жарандарынын абалы менен таанышып турууга мүмкүнчүлүгүңүздөр болобу?

- Элчилик ачылган 18 жылдан бери ар бир облуска чейин кыдырып эч ким барган эмес экен. Өткөн жылы элчи менен макулдашып алып, он бир облустун баарын айланып чыктык. Негизинен облус борборлору болгон шаарларда 200дөн баштап беш жүздүн аралыгында Кыргызстандын жарандары иштешет экен. Алардын көпчүлүгү базарларда жана курулуш тармагында.

XS
SM
MD
LG