Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Б.Обама Европадагы сапарын Полшада жыйынтыктоодо


Бүгүн АКШ президенти Полшанын президенти Бронислав Комаровский менен кездешти. Б. Обама Полша демократиялык өнүгүүдө Европада алдыңкы орундардын бирин ээлегенин белгиледи.

Президент Обама менен Полшанын премьер-министри Доналд Тусктун сүйлөшүүсүндө өлкө аймагында абадан сокку урчу F-16 учактарын жайгаштыруу, Европанын аба коопсуздугун камсыздоодогу Полшанын ролу негизги маселелердин бири болоору кабарланды.

Москва Вашингтондун Европадагы абадан коргонуу планын Кремл менен кеңешпестен улантып жатканын сындап келет.

АКШ-Полша сүйлөшүүлөрүндө отун-кубат маселеси да талкууланат. Жума күнү кечинде Варшавада Барак Обама Чыгыш Европа лидерлери менен кечки сый тамакта бирге болду.

XS
SM
MD
LG