Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Кыргыз-өзбек чек арасында дагы ок атылды


Жалаловго ок жаңылган кыргыз-өзбек чек арасын ушул аң гана бөлүп турат.
Жалаловго ок жаңылган кыргыз-өзбек чек арасын ушул аң гана бөлүп турат.

Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында чек арачылар тарабынан атылган октон бир адам ажал тапты.

Ноокендин Чоң-Багыш айылында Өзбекстандын чек арачыларынын огунан ажал тапкан Кыргызстандын жараны Пазилжон Жалаловдун жакындары аза күтүү каадасын бүгүн да улантты. 39 жаштагы маркумдун сөөгү кечээ Өзбекстан кайтарып бергенден кийин кечке жуук жерге берилген.

Окуя кандай болгон?

Кыргызстандын өзбек тектүү жараны Пазилжон Жалалов 27-майда айылынан анча алыс эмес жердеги кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде ок атууга кабылган. Биз маркумдун жакындары менен окуя болгон чек ара тилкесине жакын бардык.

Пазилжондун бир тууган кайниси Рустам Абдрасулов эки өлкөнү бөлүп турган аңдын кырында туруп түшүндүргөндөй, жездесине бейтарап аймакта ок атылган. Өзбек тарап бул окуяга “кыргыз жараны Өзбекстандын аймагына өтүп, чек арачыларга тиешелүү атты мине качмакчы болгондо курал колдонулду” дегендей түшүндүрмө берген. Бирок маркумдун жакындары мындай жүйөөгө ишене бербейт:

Рустам Абдурасулов окуя болгон жерди көрсөтүүдө.


- Өзбекстандын чек арасы мына бул аңдан үч жүз метр нары жерде, зым тартылып коюлган. Өзү көрүнүп турат. Окуя ушул бейтарап аймакта, аңдан нары он метр жердеги талдын жанында болгон. Өзүңүз көрүп тургандай, мына азыр да Өзбекстандын жоокери бизди көрүп калып бери келе жатат, минген атын наркы кепеге байлап койду... Биздин чек арада мына эч ким жок, азыр да. Эми өзбекстандыктар айтып атышпайбы, “ кыргыз жараны атты минип качам деген” деп, аттарды биздин десанттар деле алып өтө алышпайт, аны куралдуу жоокерлери кайтарып турат. Менин оюмча, бул баланы негизсиз эле аткан.

Биз чек ара тилкесине жакын барган кезде да атчан жана куралдуу, жөө өзбек жоокерлери чек ара тилкесин бойлой кыдырып жүрдү/

- Чек арада жашоо коркунучтуу болуп калды да, мен өзүм ишенбейм. Кочкор-Ата шаарына үй курууну баштадым. Баламды чек арага жакын жердеги пахтага суу койгонго жиберүүгө да кооптуу болуп калды. Мал бакканды айтпай эле коёюн, Өзбекстандын чек арачылары аттап өтүп, айдап кеткени кадимкидей эле адат болуп калды, - деп андан ары кеп улады Рустам Абдрасулов.

“Таянаар тоомдон айрылдым”...

Окуя болгон күнү талаада иштеген балдардын бири Мирзахид ок атылгандан кийин Пазилжан Жалаловду өзбек жоокерлери автоунаага жүктөп кеткенин көргөн:

- Биз талаада эс алалы деп олтурсак, биринчи атылган октун үнү угулду, анан эскертүү берилип эки жолу ок атылгансыды. Анан Өзбекстандын УАЗ унаасы келип, Пазил акени жүктөп кетти. Анын жыгылганын көргөн жокмун, ал өзү жалгыз эле ал жакка өткөн болчу.

Маркумдун жакындары жана айылдаштары аза күтүүдө.

1972-жылы туулган Пазилжан Жалалов андан кийин Өзбекстандын Пахта-Абад райондук ооруканасына жеткирилип, операция жасалган. Бирок операциядан кийин өзүнө келе албай 28-майга оогон түнү мерт болгон. Өзбекстан кайтарып бергенден кийин анын сөөгү ишемби күнү кечке жуук өзү туулуп-өскөн Ноокен районундагы Чоң-Багыш айылына коюлду. Бүгүн анын арбагына багыштап курап окутуу агасынын үйүндө улантылды.

Закир Жалалов кыргыз чек арасы бекем кайтарылганда гана инисине ок атылгандай окуя тыйылат деген ойдо:

- Ичине эки жолу ок тийген, үчүнчүсүн эскертүү иретинде асманга атышкан экен, көргөн адамдар ошентип айтып атышат, биз го көрбөдүк. Менин иним ок тийип, каза болгондой окуялар болбосу үчүн - чек арабызды мыктылап коруганга аракет кылуубуз керек да эми. Алардын чек арачылары 5-6 метрде бирден турат экен, биздин аскерлер аз болуп атат окшойт, 150-200 метрге бирден коюлат деп уктум.

Маркумдун жесири


Пазилжонго ок жаңылганын аялы Гүлназ Султаналиева жума күнү аяшынан уккан. Эми ал бир үйдө эки жашар уулу менен калганын айтууда:

- Муну кимдир-бирөө уюштуруп эле алпарган. Мурда “ чек арага барбайм, өтө албайм, Гүлназ, корком” айтып жүрчү эле, өзү өтүп барганына ишенбейм. Жашообуз эл катары болчу, ишибиз жок, отуз алты сотых жерибиз бар, болгону. Аяшымдан уктум, ок тийгенин... Минтип чыпалактай болгон балам менен таштап кете берди да. Андан бөлөк менин сүйөнөөр-таянаарым жок болчу...

Чек араны кантип кайтарабыз?

Жалал-Абаддын кыргыз-өзбек чегиндеги кыштактарында нечен жылдан бери мал уурулук да тыйылбай келет. Уурулардан тажаган Чоң-Багыш айылынын тургундары мал кармабай калганын айыл башчы Хабибулла Эргешов айтып олтурду:

- Канча жылдан бери мал уурулук болуп атат. Эл тажап бүттү да. Биздин айылда мал жок, азыр мал кармагандан коркуп калдык, улам уурдата берип. Чек арадагы окуяларды токтотуу үчүн өзбекстандыктарга окшоп күнү-түнү коргош керек, ошондо токтойт, ага чейин тыйылбайт. Өзүңүз барып көрүп келиптирсиз го, Өзбекстандын чек арачылары күнү-түнү кайтарат, чымчык өткөрбөйт. Биздин чек арачылар ошо күнү ошол жерде болгондо Пазилжонду да ал жакка өткөрбөй, балким тирүү калаар беле?..

Чек арадагы Чоң-Багыш айылынын тургундары болсо кыргыз чек арачылары жетишпесе, өкмөттүн колдоосу менен чек араны өзүбүз кайтарсакпы деген да ойду да кыйытышты.

Окуя болгон аймакта чек ара такталып бүткөн. Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрага орунбасары Чолпонбек Турусбековго кайрылганыбызда Өзбекстандын Пахта-Абад чек ара саркеринен келген маалыматка таянып, Пазилжон Жалалов мас абалында коңшу өлкөнүн аймагына кирип кеткенде ок тийгенин айтты:

- Биздин жараныбыз Өзбекстандын аймагында, ошо аңдан нары он метр жерде болуптур маалыматка караганда. Жалалов мас абалында болгон экен ошо күнү. Өзбекстандын Чек ара кызматына тиешелүү аттары болгон. Ошол бир атты алып качам деген мезгилинде Жалаловго курал колдонулганы айтылып атат.

Бирок жогоруда айтылгандай маркумдун жакындары мындай жүйөөгө ишене беришпейт. Азыр Жалаловдун кандай жагдайда ажал тапканы иликтенүүдө. Ноокендин Сакалды айыл өкмөтүндөгү аймактык милиция өкүлдөрү кечээ окуя болгон жерде болуп кайтышкан.

Мындай окуялар кыргыз-өзбек чегинде биринчи ирет болуп аткан жок. Кыргызстандын түштүк облустарындагы чек ара тилкелеринде буга чейин да бир канча ушул сыяктуу окуялар катталган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG