Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Октябрь айылындагы жаңжалдын себеби иликтенүүдө


29-майда Аламүдүн районундагы Октябрь айылында жергиликтүү тургундар ортосунда уруш чыккан. Мушташ тутанып, кечки саат 18дер чамасында эки тараптан жыйырмадай жаштар чогулган. Милиция кызматкерлери жаңжалды токтотууга үлгүргөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда Октябрь айылынын тургундары, милиция кызматкерлери жана Кыргызстан калкынын ассамблеясынын өкүлдөрү жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жаштар арасында мушташ эмнеден чыкканы иликтенүүдө. Коомдук тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлери тартылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG