Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Ооганстан: Жанкечтилер Гератта өздөрүн жардырды


Ооганстандын батышындагы Герат шаарында жанкечтилердин бомба чабуулунан эки киши набыт болуп, 26 киши жараат алды. Полициянын билдиришинче, машинечен жанкечти бомбаны италиялык аскерлер башындагы курулуш командасы турган базанын дарбазасына келип жардырган. Экинчи жанкечти бомбаны шаардын ортосунда жардырган.

Күбөлөрдүн сөзүнчө, жардыруудан кийин италиялык базанын жанында аткылашуу болгон. Бул кабарды НАТОнун Кабылдагы өкүлү ырастады. Экинчи жардыруу боюнча азырынча кошумча маалымат жок.

XS
SM
MD
LG