Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

ШКУ Ошко жаңы кичи район курушу мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын директорунун орун басары Кадамбай Бактыгулов билдирди. Учурда бул багытта Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 7 миңден ашуун адамды камтыган кичи район Кара-Суу районуна курулушу ыктымал. Ал 140 млн. долларга бааланууда. Бактыгуловдун айтымында, Кытай менен Орусия бул долбоорго жардам берүүгө макулдугун берген. Учурда Тышкы иштер министрлиги ШКУга кирген калган мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG