Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

ЖК июнь коогасын иликтеген парламенттик комиссиянын бүтүмүн угат


Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн парламенттин 2-3-июнга болгон иш тартибин бекитти. Ага ылайык бейшембиде Жогорку Кеңеште былтыркы июнь коогасын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын бүтүмдөрү эл өкүлдөрүнүн талкуусуна коюлуп, ага саясий баа берилет.

Июнь коогасын иликтеген парламенттик комиссия үчкө бөлүнүп, үч корутунду чыгаргандыктан 25-апрелде Жогорку Кеңеште аларга бир бүтүмгө келүүгө убакыт берилген..

Иликтөөнүн бирөөсүн “Ар-намыс” фракциясынын өкүлү Токон Мамытов башында турган депутаттык комиссия жүргүзгөн. Бул комиссиянын мүчөлөрү Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков менен “Ата-Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошова андан бөлүнүп кетип, өздөрүнүн бүтүмүн жазышкан.

Депутаттык комиссия бүтүмдөр боюнча бүгүн жыйынга чогулуп жаткандыгын комиссия жетекчиси Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG