Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация Килюнендин отчетун колдоду


Адам укуктары боюнча эл аралык федерация жана ага мүчө Кыргызстандагы тартип коргоо уюмдары кыргыз бийликтерине кайрылып, былтыркы июнь коогасын дыкат иликтөөгө чакырды. Бүгүн таратылган кайрылууда, Ошто былтыр 11-12-13-июнда орун алган окуялардын масштабы “адамгерчиликке каршы кылмыштарга” барабар экендиги айтылат. Укук коргоочулар июнь коогасынан кийинки соттук териштирүүлөр эл аралык мыйзамдарга жооп бербегендигин айтышууда.

Кайрылууда Килюнен башында турган эл аралык комиссия отчетунда июнь коогасына чейинки жана андан кийинки кыргыз бийликтеринин катачылыктары көрсөтүлгөнү айтылат. Адам укуктары боюнча эл аралык федерация президенти Суэр Белассен кыргыз бийликтерин июнь коогасы боюнча ачык, бейтарап териштирүү жүргүзүүгө чакырып, укуктук өлкө принциптерин карманууга үндөдү.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация жана ага мүчө Кыргызстандагы тартип коргоо уюмдары ошондой эле укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча бейтарап, калыс соттук териштирүү жүргүзүүгө чакырды. (EK)

XS
SM
MD
LG