Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Кочкор-Атадагы митингчилерге ИИМ орун басары барды


Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов Ош-Бишкек жолун бууп алышкан “Кыргызмунайгаз” ишканасынын башкаруудан алынган директору Каныбек Масировдун жактоочулары менен жолугуп, жолду ачууну өтүндү. Ички иштер министринин орун басары митингчилерди мындай радикалдуу кадамдарга барбоого көндүрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Масировдун жактоочуларынын бири Асылбек Жээнбаев билдирди.

Учурда митингчилер саны 4 миңге жеткени кабарланууда. Масировдун жактоочулары мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаевдин иштен кетишин талап кылып жатышат. (EK)

XS
SM
MD
LG