Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

ИИМ: Жаштар арасында кылмыштуулук күчөөдө


Жаштар иштери жана спорт боюнча Жогорку Кеңеш комитетинин бүгүнкү жыйынында өкмөткө 1-августка дейре жаштар арасында кылмыштуулукту тизгиндөө үчүн атайын программа иштеп чыгуу сунушу берилди. Комитет жыйынында ата-энелер жоопкерчилигин күчөтүү үчүн атайын мыйзам иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлдү. Ага ылайык, баласы кылмыштуулукка барган ата-эне айып пулга жыгылышы мүмкүн. Депутаттар муну менен жашы жетелектер арасында кылмыштуулук азаят деген үмүттө.

Бүгүн Жаштар иштери жана спорт боюнча Жогорку Кеңеш комитетинин жыйынында ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын директору Эркин Баев 2011-жылы 18-28 жаш курагындагылар тарабынан 1773 кылмыш жасалганын маалымдады.(EK)

XS
SM
MD
LG