Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Абу-Дабиде издөөдөгү казак жараны кармалды


29-майда Интерполдун кызматкерлери Бириккен Араб Эмиратынын баш калаасында издөө салынган Талгат Кайрбаевди кармады. Бул тууралуу Казакстандын каржы полициясы билдирет.

Талгат Кайрбаев казак-кытай чек арасындагы «Хоргос» жана «Калжат» өткөрмө бекеттеринде экономикалык кылмыштуу топторду түзгөн деп айыпталып, кылмыш иши козголгон. Учурда аны Казакстанга экстрадициялоо иши башталганы кабарланды.

Май айынын башында казак каржы полициясы мамлекеттик жогорку деңгээлдеги кызматкерлер аралашкан кылмыштуу топтун бетин ачкан. Анда айтылган маалыматта курамына жүздөй киши кирген топ узак мөөнөт чек арадан мыйзамсыз товар өткөрүп турган.

Казакстандын бажы көзөмөл комитетинин төрагасы Козы-Корпеш Карбузов кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG