Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Страсбург соту: Ходорковскийдин укуктары тепселген


Страсбургдагы Адам укуктары боюнча европалык сот абактагы орусиялык ишкер Михаил Ходорковский 2003-жылы камакка алынгандан кийин укуктары бузулган деген чечим чыгарды.

Ошол эле учурда сот Ходорковскийдин саясий куугунтукка кабылганганы тууралуу арызын артка кайтарды.

Страсбург соту Ходорковскийге моралдык жана соттук чыгымдар үчүн орус бийлиги 24 миң евро төлөп берсин деген өкүм чыгарды. Бул сотко Михаил Ходорковский арыз менен 2004-жылы кайрылган.

2005-жылы Орусиядагы эң бай ишкерлердин бири Михаил Ходорковский салык төлөөдөн баш тартканы жана арам акчаны адалдаштырганы үчүн 8 жылга эркинен ажыратылган.

Өткөн жылдын декабр айында сот Ходорковскийге 2016-жылга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ходорковский болсо өзүнө коюлган айыптоолордун баарын четке кагат.

XS
SM
MD
LG