Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

Пакистанда жоголгон журналисттин өлүгү табылды


Үч күн мурда жоголуп кеткен журналист Сайед Салим Шахзаддын денесин кечээ Исламабаддан 150 чакырымдай түштүк-чыгыштагы Сарай Аламгир деген шаарчада унаасынан табышты. Ал 29-майда телепрограммага катышам деп кеткен бойдон үйүнө кайткан эмес. Журналист өзүнүн иши үчүн өлкөнүн атайын кызматтары андан өч алышы мүмкүн деп коркконун билдирген экен. Ал Италиянын маалымат агенттиги жана Гонконгдогу интернет-сайты менен кызматташкан. Көбүнчө Шахзад Пакистандын армиясы менен “ал-Кайиданын” байланышы тууралуу жазып жүргөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG