Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Аалы Туткучев айтышта баш байгеге ээ болду


Акын Барпы Алыкуловдун 130, эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата уюштурулган төкмө акындардын айтышына республика боюнча 32 акын катышкан. Алардын ичинен баш байгеге акын Аалы Туткучев татыды.

1-орунга Оштон келген акын Сапарбек Зулпуев ээ болсо, 2-3-орун Жеңишбек Жумакадыр жана Элмирбек Иманалиевге берилди.

Байге фонду 250 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири Канымжан Жаманбаева кабарлады.

Республикалык айтыш 30-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда башталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG