Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

АКШ элчиси Спратлен жаңы ыктыярчылардын антын кабы алды


Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Тынчтык Корпсунун 50 жылдык маарекеси белгиленип, анда жаңы келген 41 ыктыярчы ант берди. Ыктыярчылардын антын кабыл алган АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен аларга ийгилик каалап, бул аларга тажрыйба алып келерин, өздөрүнүн жана алар жашаган чөйрөнүн жашоосуна таасирин тийгизерин кошумчалады.

Маалыматка ылайык, ыктыярчылардын теңинен көбү эки жыл бою Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы мектептерде англис тилинен сабак беришет. Айрымдары медицина тармагын, бейөкмөт уюмдардын өнүктүрүү иштерине аралашат.

Тынчтык Корпусунан алгачкы ыктыярчылар Кыргызстанга 1993-жылы келишкен, ошондон бери өлкөдө жалпысынан 840тан ашуун америкалык ыктыярчы болуп кайтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG