Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

Кыргызстанда “Академиялык кечелер” талкуу клубу түзүлдү


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында коомдук ишмер Кулубек Бөкөнбаев кабарлады. Клубдун түзүлүшүнө ааламдаштыруунун шартында гуманитардык баалуулуктардын солгундап калганы негиз болгон. “Биздин коомдо улуттар аралык мамиледе, диний жана саясый көз караштарда толеранттуулук жетишпей жатат. Ушундан улам жаштарды мекенчил болууга үгүттөө башкы максаттардын бири болууда”, – дейт Бөкөнбаев.

"Академиялык кечелер" клубуна коомдук ишмерлер Ишенбай Абдуразаков, Зайнидин Курманов, Эрнст Акрамов, Наталья Калинина, Эсенгул Өмүралиев, журналист Нарынбек Идинов жана башкалар мүчө. Клубга жогорку билими бар жарандар мүчө боло алат. Клубдун отурумдары ачык өтөт. Алгачкы талкуу 8-июнда Бишкекте Мамлекеттик тарых музейинде өтөөрү болжолдонууда.

Клубдун негиздөөчүлөрү убагында “Академиялык кечелер” талкуу клубун Касым Тыныстанов баштаган кыргыздын белгилүү адамдары түзгөндүгүн билдиришүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG