Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:54

Террорчу делгендердин соту белгисиз мөөнөткө жылды


Октябрь райондук соту айыпталуучулардын бири Бакыт Кенжегуловдун адвокаты Чынара Жакупбекованын арызын канаттандырды. Жакупбекова Кенжегуловдун убактылуу кармоо жайында өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылгандыгын айтып, аны психикалык экспертизадан өткөрүүнү соттон өтүнгөн. Сот экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.

Терроризм, киши өлтүрүү, талап-тоноо өңдүү кылмыштарга шектелген “Жайшуль Махди” уюмунунун мүчөлөрүнүн ишин бүгүн Бишкекте Октябрь райондук соту карап баштаган. Ага судья Эрнис Чоткараев төрагалык кылууда.

Террорчулардын уюму деп айтылган “Жайшуль Махди” жамааты, сентябрь айында Бишкектеги синагогада жана ноябрь айында Спорт ордосунун алдында болгон жарылууга, Сокулуктагы АКШ жаранын тоноого жана жыл башында милиция кызматкерлеринин өлүмүнө катыштыгы болгон деп шектелүүдө. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул уюмдун он мүчөсү кармалганын кабарлаган. Эки мүчөсү январь айында Беш-Күңгөй айылындагы атайын операцияда мерт болгон. Ошол эле учурда кармалгандардын жакындары алардын эч кандай кылмышка катыштыгы жок экендигин белгилеп келишет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG