Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Террорчу делгендердин соту башталды


Октябрь РИИБинин үч кызматкери ушул үйдүн бир батирине паспорт текшерүү үчүн барган учурда өлтүрүлгөн. 2011-жылдын 4-январы.
Октябрь РИИБинин үч кызматкери ушул үйдүн бир батирине паспорт текшерүү үчүн барган учурда өлтүрүлгөн. 2011-жылдын 4-январы.

1-июнда Октябрь райондук сотунда террорчулук кылды деп айыпталып жаткан адамдардын сот иши башталды.

Аларга Бишкек шаарында жардырууларды уюштурган жана укук коргоо органдарынын өмүрүнө кол салган деген күнөөлөр коюлууда. Айыпталып жаткандар жана алардын жактоочулары бул айыптарды четке кагууда.

Айыпталуучуларга оор күнөөлөр коюлууда

Мамлекеттик айыптоочу Болот Кыбыкеев террорчу деген шек менен кармалган адамдарга коюлуп жаткан айыптар тууралуу буларды билдирди:

- Спорт ордосун жардыруу, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жардыргыч ташталганы жана Октябрь райондук үч милиция кызматкерин өлтүргөнү боюнча айыпталууда. Булар аябай оор кылмыштар.

Айыпталуучулардын жактоочусу Акин Токталиев камактагылардын бейбаштык боюнча кылмыштары болушу мүмкүн, бирок террорчулукка такыр байланышы жок деген ишенимде:

- Он кишинин ичинен көпчүлүгү жөндөн жөн эле камакта отурат. Капыстан эле түшүп калышкан. Ар бирине 30-35 берене коюп, күнөөлөшүүдө. Бул жерде терроризм жок. Кылмышкерлик, бейбаштык болушу мүмкүн. Бирок бул жерде эч кандай терроризм жок.

Сотко кирбей калгандардын нааразычылыгы

Сот жараяны ачык болгону менен бардык эле адамдар соттун жүрүшүнө катыша алган жок. Муну сот өтүп жаткан жайдын тардыгы менен түшүндүрүштү. 4-январда Бишкектин 8-кичи районунда каза болгон милиционер Алмаз Сулаймановдун энеси Гүлнара Сулайманова сотко кирбей калган:

- Балам Алмаз Сулайманова Октябрь РИИБинде участкалык милиционер болуп 17 жыл иштеген. Бүгүн соту болуп жатса, бизди киргизбей жатат.

Ал эми 5-январда Бишкектин түштүгүндөгү Беш-Күнгөй айылы тушта күч түзүмдөрү жүргүзгөн атайын операцияда жок кылынган Азим Султанкуловдун атасы Жаркынбай Султанкулов сотко катышуучулардын тизмесинде аты-жөнү жок деген себеп менен киргизилбей калган. Ал уулунун террористтик уюмдарга мүчө экендигин аныктабай туруп эле, террорист деп атап койгонуна нааразычылыгын билдирди. Султанкуловдун белгилешинче, укук коргоо органдары уулунун өлгөндөн кийнки сөөгүн террорист деп берген эмес.

- Баламдын сөөгүн эмдигиче ала элекмин. Өлүкканада деп коюп бербей жатышат. Беш айдан бери бербей, ал террорист, террористтер берилбейт деп жатат. Ким билет сөөгү кайда жатат?..

Айыпталуучулардын жактоочусу Акин Токталиев сот отурумунда кеткен кемчиликтерди төмөнкүчө атады:

- Сот деген ачык-айкын болуш керек. Сотко кирерде эле санап жатышат, бирден гана жакындары кирсин деп. Сот залы да өтө тар. Каалагандар кире албай калышты. Ошондон улам соттун ичинде эмне сөз болуп жаткандыгын ар ким ар кандай түшүнгөндүктөн сыртта ызы-чуу болуп, эки-экиден мушташ болуп кете жаздады.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу Болот Кыбыкеев мындай айыптоолор менен макул эмес. Ал баары талаптагыдай өтүп жатат деп эсептейт.

- Баары мыйзамдын чегинде болуп жатат. Эми ар бир адамдын өз ою бар да. Бул жерде сот залы бир аз кичине болуп, аз гана адам батып калды. Анын үстүнө, булар өздөрү убагында келишкен жок. Сот ондо башталган, булар он бир жарымда келди. Сот башталгандан кийин киргенге болбойт да.

Канааттандырылган өтүнүч

Сот отурумунда айыпталып жаткан Бакыт Кенжегуловдун жактоочусу Чынара Жакыпбекова сотко Кенжегуловдун ден-соолугу жайында болбой жаткандыгын айтып өтүнүч келтирди:

- Бакыт Кенжегулов катуу ооруп жатат. Мен УКМКга суроо жөнөттүм. Алар да Кенжегулов өзүн-өзү уруп, ар кандай нерселерди жасап деп тастыкташты. Өзүн ошентип түшүнүксүз алып жүргөнү үчүн мен ишти токтотуп, соттук-психикалык экспертиза жүргүзүү боюнча өтүнүч келтирдим. Буга чейин экспертиза болгон. Бирок кээ бир материалдар каралбай калган. Ошолорго башка материалдарды кошуп, кайра каралышын сурап жатам.

Соттун жүрүшүндө белгилүү болгондой айыпталуучу Бакыт Кенжегулов сотко төрагалык кылуучу Эрнис Чоткаравдин берген суроолоруна такыр жооп бере алган жок.

Сот жактоочу Чынара Жакыпбекованын өтүнүчүн кабыл алып, Бакыт Кенжегуловго психикалык экспертиза жүргүзүү чечимин кабыл алды. Кийинки сот отурумунун качан болору экспертизанын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин аныкталат.

Бул сот ишинде ондон ашык адам айыпталууда, экөөсү 4-январда Бишкектин түштүгүндөгү атайын операцияда жок кылынган. Айыпталып жаткандар өткөн жылдагы сентябрь айында Бишкектеги синагогада жана ноябрь айында Спорт ордосунун алдында болгон жарылууга, Сокулуктагы АКШ жаранын тоноого жана жыл башында милиция кызматкерлеринин өлүмүнө катыштыгы болгон деп шектелип, январь айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагында кармалып турушат.

Атайын кызматтын өкүлдөрү булар “Жайшул-Махди” террорчу уюмуна мүчө деп билдиришкен. Соттун жүрүшүндө болсо айыпталуучулар эч кандай террористтик уюмдарга мүчө эместигин айтып, коюлган айыптарды четке кагышты.

XS
SM
MD
LG