Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:11

БУУ: Ливияда эки тарап тең "согуш кылмыштарына" барды


Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинин комиссиясы Ливиядагы конфликтте жаатташкан эки тарапты тең “согуш кылмыштары” үчүн күнөөлөдү. Комиссиянын шаршембидеги баяндамасында айтылгандай, “Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин аскерлеринин кылмыштарын далилдеген фактылар көп. Аларга каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын күнөөсүн көрсөткөн фактылар азыраак, бирок бар”, - деп айтылат докладда. Бул комиссия Ливияда быйыл февралда өкмөттүк аскерлер өлкөнүн тургундарына каршы чабуул кое баштаганда түзүлгөн. Анын баяндамасы Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинде 6-июнда талкууланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG