Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Атамбаев Батыров менен жолукпаганын айтууда


Бул тууралуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Жогорку Кеңеште июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагын талкуулаган жыйында билдирди. Ал маалымат каражаттарында жарыяланган июнь окуясынын алдында Кадыржан Батыров, Алмазбек Атамбаев жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жолуккан деген маалыматты четке какты. Өкмөт башчы бул маалыматты Башкы прокуратура жана УКМКнын текшерип чыгуусун сунуштады.

"Ватан - Родина” партиясынын лидери Кадыржан Батыровго улуттар аралык араздашууну козуткан жана куралдуу топторду түзгөн деген беренелер менен кылмыш иштери козголгон. Батыров өзү буга макул эмес экенин айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG