Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Мамытов: Батыров июнь коогасын уюштурганга 100 миң доллар которгон


Бул тууралуу июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын төргасы, депутат Токон Мамытов кесиптештеринин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Ватан - Родина” партиясынын лидери Кадыржан Батыров 2010-жылдын 18-майында “Жалал-Абад АНД” ишканасынан Азамжан Акбаров деген адамды чакырып, июнь окуясын уюштурганга БТА банк аркылуу 100 миң доллар жөнөткөнүн билдирген. Акча Ошко которулганын, мындай маалымат комиссияга эки күн мурда берилгенин комиссия төрагасы кошумчалады.

Мамытовдун айтымында, мындай маалыматты алгач ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК жана Каржылык чалгындоо кызматы тастыктаган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG